Бишкектеги Жал кичи районунда 6-кабаттан апасы менен кулап кеткен кыз ооруканадан чыгарылды.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, кыздын абалы канааттандырарлык.
Эске салсак, кырсык 4-апрелде борбор калаанын Жал кичи районунда орун алган. 26 жаштагы келин 1 жана 3 жаштагы наристелери менен бирге 6-кабаттан кулап, өзү менен 1 жаштагы ымыркайы көз жумган. Ал эми 3 жаштагы наристе оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Бул ишке шектүү катары маркум келиндин 33 жаштагы күйөөсү кармалып, 2 айга камакка алынган.