Ушул жылдын 29-январынан 9-февралга чейин мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде "Торугарт унаа жолу" жана "Эркечтам унаа жолу" көзөмөл өткөрүү бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу кечээ, 26-январда мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Чек араны убактылуу жабуу Кытайда «Жаз майрамын» майрамдоого байланыштуу. Өткөрүү-көзөмөл пункту кытай тараптын демилгеси боюнча жабылат.