
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы
Дайырбек Орунбеков ата мекендик автобустарды кураштыруу менен алектенген "Белес.kg" ишканасы тууралуу айтылып жаткан кептерге жооп берди.
Орунбеков белгилегендей, президент ишканага барганда кол менен чогултулган 1 эле автобус болгон. Шаарды тейлеш үчүн жетиштүү сандагы автобустар зарыл.
"Бул автобустар тиешелүү сыноодон өтүп, сертификат алган эмес. Тетиктери сырттан алынып келип, бул жакта жөн гана кол менен чогултулган. Стандарттарга жооп берген завод жок. Ар ким эле үйүнөн 1 автобус чогултуп алып, “меникин алгыла” дей берсе болобу? Мындай транспорт эл ташууга толук жооп бере албайт. Анткени жүздөгөн адамдардын коопсуздугу биринчи орунда турушу керек.
Автобустар азыр алынып жаткан автобустарга караганда 1,5 эсе кымбат сунушталган. Автобустун мотору дизель менен жүрөт. Билесиздер, буга чейин шаарды булгаган дизелдик маршруттук таксилерди тазалап, газ жана электр энергиясы менен жүргөн автобустарга өткөнбүз. Ушул жана башка себептерден улам “Белес” автобусу пайдаланууга алынган эмес. Сиздер талкуулап салыштырып жаткан сүрөттө көрсөтүлгөн “Белестин” сүрөтү дагы реалдуу долбоор же чогултулган автобус эмес - жөн гана интернеттен алынып жасалган сүрөт",- деп жазды ал Facebook баракчасына.
Эске салсак, жыл башында "Белес.kg" ишканасынын негиздөөчүсү
Мирбек Аскалиев президенттин
4 жыл мурунку убадасын эске салып, ал орундалбай жатканын
билдирген. Көп өтпөй ал өлкө башчысына
үнү жеткенин айткан. Акыркы учурда социалдык тармактарда ата мекендик ишкана өндүргөн автобустар эмне үчүн каттамга чыкпай жатканы тууралуу активдүү талкуулар жүрүп жатат.