Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында ата мекендик автобустарды кураштыруу менен алектенген "Белес.kg" ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысына жүргүнчү ташыган "Белес" автобусун иштеп чыгуу долбоору менен алектенген компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.
"Белес.kg" ТС — WMI Code K59 уникалдуу кодун берген "SAE" (АКШ) автоунаа инженерлери тарабынан тастыктама алып, бул өндүрүштү уюштурууга жана дүйнөлүк компаниялар менен кызматташууга жол ачкан.
Пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн өнөктөштөр менен тыгыз байланыш түзүлүп, DAF Components (Нидерланд), ZF Friedrichshafen AG (Германия), НПП ИТЭЛМА (Орусия) жана SSAB (Швеция) чет элдик компаниялар менен тетиктерди алууга келишимдер түзүлдү.
Белгилей кетүүчү нерсе, нөлдөн баштап толук кураштыруу Кыргыз өлкөсүнүн адистери тарабынан ишке ашат, ошондуктан автобусту толугу менен ата мекендик продукция деп атоого болот.
Бүгүнкү күндө Евро 5 стандартындагы дизелдик кыймылдаткыч менен жабдылган шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорттун сыноодогу үлгүсүн чыгаруу аяктады.
Жакынкы күндөрү үлгү лабораториялык жана талаа сыноолорунан өтүү үчүн Кыргыз өлкөсүнүн сыртына жөнөтүүгө даярдалып, андан соң өндүрүштүк масштабда чыгаруу пландалууда.
Дүйнөдө экологияга зыян келтирбеген транспорттун актуалдуулугун жана Бишкек шаарындагы абанын булганышы боюнча учурдагы кырдаалды эске алуу менен компания кезектеги сыноодогу үлгүсүн электр кыймылдаткычы менен чыгарууну чечти.
"Beles.kg" өкүлдөрү белгилегендей, долбоор ички жана тышкы рынокко багытталган ата мекендик автоиндустрияны түзүүгө багытталган. Бул өндүрүш тектеш тармактарды тартуу жана өлкөдө кошумча жумуш орундарын түзүү менен мультипликативдик натыйжа берет деп болжолдонууда.
Биринчи ата мекендик автобусту Садыр Жапаров өзү рулга отуруп сынап көрдү. Ал жүргүнчүлөр үчүн сапат, коопсуздук жана ыңгайлуулук боюнча бардык заманбап талаптарга жооп берген ишенимдүү автобустарды чыгаруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Мамлекет башчы мындай долбоорлорду ишке ашыруу өлкөдөгү бир катар социалдык жана экологиялык көйгөйлөрдү чечерин белгиледи.
Президент Садыр Жапаров ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында мамлекет бул ишканада чыгарылган 10 автобустун алгачкы партиясын сатып аларын белгиледи. Бул унаалар ийгиликтүү иштетилген учурда завод менен туруктуу негизде кызматташуу маселеси каралат.