Биз социалдык тармакта

Мелания Трамп аны тамашага салган теле алпаруучуга чара көрүүнү талап кылды 

АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп ABC телеканалынын алпаруучусу Жимми Киммелге чара көрүүнү талап кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, бул анын жакында болгон ок атуу окуясына чейин айтылган тамашасына байланыштуу болгон. Жимми Киммел аталган иш-чарадан бир нече күн мурда биринчи айым тууралуу сөз сүйлөп жатып, аны жесир аялга салыштырган.

"Мелания айым, сиз мурас күтүп жаткан жесир аялдай жаркырап турасыз",- деген ал.

Анын сөзүнө АКШнын президенти Дональд Трамп ок атуу окуясынан кийин реакция кылып, теле алпаруучуну дароо жумуштан алууну тапшырган.

Белгилей кетсек, 25-апрелде АКШнын президенти жана анын жубайы катышкан иш-чарада куралчан адам ок чыгарган. Шектүү кармалып, тергөө уланууда.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан