Вашингтондо АКШнын президенти Дональд Трамп катышкан иш-чарада куралчан адам ок чыгарды. Бул тууралуу CNN телеканалы кабарлады.
Маалым болгондой, окуя 25-апрель күнү кечинде "Вашингтон Хилтон" мейманканасында болгон. Анда Ак үйдүн журналисттерине арналган сый тамак уюштурулган. Иш-чарага АКШнын президенти Дональд Трамп, анын жубайы жана АКШ администрациясынын көптөгөн мүчөлөрү катышкан.
Бир нече ирет ок атылгандан кийин иш-чара токтотулуп, катышуучулар залдан чыгарылды. Окуядан жабыркагандар катталган жок.
АКШнын жашыруун кызматынын кызматкерлери Трампты жана анын администрациясынын мүчөлөрүн имараттан эвакуациялашты. Окуяга шектелип Калифорния штатынын 31 жаштагы тургуну Коул Томас Аллан кармалды.
Окуянын чоо-жайы такталууда.
Көп өтпөй АКШ лидери Truth Social социалдык тармагында окуядагы кадрды жана шектүүнүн сүрөтүн бөлүшкөн.