Владивостокто Эл аралык издөөдө жүргөн 22 жаштагы кыргызстандык жигит кармалды

Интерполдун (эл аралык милиция) кызматкерлери тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык жигит  Орусиянын Владивосток шаарында кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда орусиялык маалымат  каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ал мекенинде эки укук коргоо органынын кызматкерлерин өлтүрүп, качып кеткендигинен улам эл аралык издөөгө жарыяланган.

“Шектелүүчү боюнча маалымат чогултканда ал 22 жашта жана Кыргыз Республикасынын Ош шаарында туулгандыгы аныкталды. Полиция кызматкерлери анын жашаган жерин жана унаасынын каттоо номерин табышты. Интерполдун кызматкерлери жол кайгуул кызматы менен бирге иш-чара жүргүзүп, аны колго түшүрүштү”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда Орусиялык укук коргоо органдары аны экстрадициялоо боюнча маселени карашууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан