
Кечээ, 28-апрелде Алай районунун Гүлчө шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, мэрия тарабынан өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди.
ӨКМдин маалыматы боюнча, аймакка жалпы 74 кызматкер, 8 атайын техника жана 2 инженердик техника тартылган. 25 турак жай сел калдыктарынан тазаланып, анын ичинде 6 жер төлө жана 19 короо бар.
"Жеринде тиешелүү кызматтар тарабынан абалды турукташтыруу жана калкка жардам көрсөтүү боюнча бардык зарыл чаралар көрүлүүдө. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин жеке көзөмөлүндө. Координациялоо үчүн министрдин орун басары Искендер Сулайманов окуя болгон аймакта жүрөт",- деп белгиленген маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин облус жетекчилиги сел суулары 92 турак жайга зыян келтиргенин
билдирген.