Кечээ, 28-апрелде саат 16:45 чамасында Алай районунун Гүлчө шаарында сел жүрүп, турак үйлөрдүн жана социалдык объекттердин короолоруна жана жер төлөлөрүнө сел суулары кирди.
29-апрелде Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев ал жерге барып, тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды бергени айтылды.
"Кырсыктын кесепеттерин жоюуга ӨКМден, райондук жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 388 кызматкер, 23 техника жана 5 мотопомпа тартылды. Сел суулары 92 турак жайга зыян келтирген. 17 үйдүн жер төлөсүнө, 71 үйдүн короосуна жана 4 сарайга суу кирип, 4 социалдык объектке зыян келтирди",- деп белгиленген маалыматта.