Ош облусунун Гүлчө шаарындагы селдин кесепеттерин жоюуга 543 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аймакты тазалоо иштерине 44 техника жана 10 мотопомпа тартылган. Мындан тышкары өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары жеринде иш алып барууда.
Учурда 8 жер төлө жана 45 короо сел калдыктарынан толук тазаланып бүткөнү маалым болду.
Белгилей кетсек, 28-апрелде саат 16:45 чамасында Гүлчө шаарында сел жүрүп, турак үйлөрдүн жана социалдык объекттердин короолорун жана жер төлөлөрүн
суу каптаган.