
Окуучулар үчүн мектеп формасы өзгөртүлбөйт. Бул тууралуу 30-апрелде Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, жумушчу топ бирдиктүү мектеп формасы боюнча өкмөттүн токтомун өзгөртүүсүз калтырды. Мындай чечим мугалимдер, ата-энелер, окуучулар, эксперттердин пикирлерин эске алуу менен чыгарылды.
Кыздар үчүн мектеп формасы төмөнкүдөй кийимдердин топтомунан турат: классикалык стилде тигилген ар кандай айкалыштагы блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, пиджак.
Ал эми эркек балдар үчүн мектеп формасы: ар кандай айкалыштагы көйнөк, жилет, шым жана пиджактан турат. Мектеп формасынын комплекти бирдей түстүк гаммада болууга тийиш. Үчтөн ашпаган түстөрдүн айкалышуусуна жол берилет.
Министрлик белгилегендей, бирдиктүү жана токтоо форма балдардын ортосундагы социалдык айырмачылыктарды азайтып, кийим-кечеге байланыштуу атаандаштыкты жана материалдык абалга жараша басымдын алдын алат.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты
Дастан Бекешев окуучулардын формасы ыңгайсыз экенин айтып, аны өзгөртүү сунушун
билдирген.