Бүгүн, 22-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев мектеп формасы тууралуу маселе көтөрдү.
Эл өкүлүнүн айтымында, учурда мектепке кийилип жаткан форма окуучулар үчүн абдан ыңгайсыз болууда.
"Окуучулук формага болгон талапты жеңилдетүү керек. Мектеп окуучулары мени колдоп жатышат. Аны өзгөртөлү, учурдагы форма жазында дагы, кышында дагы ыңгайлуу эмес. Аларга дресс-коддун кереги жок, футболка, жынсы кийишсин. Эмнеге кыздар жалаң юбка кийиши керек? Ушул маселени олуттуу деңгээлде карап чечип берели",- деди депутат.
Белгилей кетсек, Дастан Бекешев окуучулардын формасы ыңгайсыз экенин буга чейин да билдирип, алар үчүн кэжуал стилин сунуштаган.