Бүгүн, 1-майда Бишкекте борбор калаанын 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш өттү. Ага калаа башчысы Айбек Жунушалиев да катышты.
Иш-чарада шаар башчысы жүрүшкө катышкан майыптыгы бар жаранга акчалай сыйлык тапшырып, ага узун өмүр, бекем ден соолук каалады. Жеңиш паркында башталган маршруттун жалпы узундугу 5,5 чакырымды түздү.