Бүгүн, 1-майда Бишкекте борбор калаанын 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш өттү. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Маалымдалгандай, Жеңиш паркында башталган маршруттун жалпы узундугу 5,5 чакырымды түзгөн. Иш-чарага 2000ден ашуун жаран катышкан. Алардын арасында калаа башчысы Айбек Жунушалиев, мэрдин орун басары Виктория Мозгачева жана шаардык кызматтардын жетекчилери да бар. Марада коноктор үчүн көңүл ачуучу программа уюштурулган.