Өлкө башчы Садыр Жапаров 11-майдан тарта ар бир облустун башчылары айыл өкмөттөрдү кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрүшөрүн билдирди.
Президент берген тапшырмасы боюнча облус башчысы менен бирге облустук деңгээлдеги прокуратура, ички иштер органы жана башка мекеме жетекчилери айылдарды кыдырышарын белгиледи.
"Май-июнь айларында айыл өкмөттөрдөгү ар бир жолугушуу УТРК, ЭлТРдин облустук эфирлеринде жана социалдык тармактагы баракчаларында түз алып көрсөтүлөт. Түз эфирлерди убактыма жараша өзүм көрүп турам. Октябрь-ноябрда ушундай эле форматтагы жолугушуулар ар бир айыл өкмөттө кайрадан кайталанат. Анда дагы түз эфир уюштурулат. Ошондо май-июнда жарандарыбыз тарабынан айтылган маселелер чечилдиби-жокпу билинет.
Ушул жерден жергиликтүү жетекчилерге да кайрыла кетейин. Жазында айтылган көйгөй айтылган боюнча күзгө чейин чечилбей калып кете турган болсо, таарынбаңыздар. Губернатор баш болуп, ошол маселеге тиешеси бар бардык жетекчилер жоопкерчиликке тартыласыздар", - деп жазды мамлекет башчысы Facebook баракчасына.
Эске салсак, Садыр Жапаров 15-апрелде Оштун Ноокат районунун тургундары менен жолугушууда эл тарабынан айтылган көйгөйлөрдүн 95 пайызы жергиликтүү бийлик тарабынан чечиле турган маселелер экенин белгилеп, майдан баштап губернаторлорго айылдарды кыдыруу
тапшырмасын берерин билдирген.