Биз социалдык тармакта

Майдан тарта губернаторлор ар бир айыл өкмөттү кыдырышат

Өлкө башчы Садыр Жапаров 10-майдан баштап өзүнүн облустагы өкүлдөрү ар бир айыл өкмөттөрдү кыдырып чыгышарын билдирди.

Президент кечээ, 15-апрелде Оштун Ноокат районунун тургундары менен жолугушууда эл тарабынан айтылган көйгөйлөрдүн 95 пайызы жергиликтүү бийлик тарабынан чечиле турган маселелер экенин белгиледи.

"Губернаторлор баш болгон бардык облус, район жетекчилери ар бир айыл өкмөттөрдү бирден 2 ай бою кыдырып чыгышат. Анан маселелерди жеринен чечишет. Мен атайын 2 айлык график түздүрдүм. Муну апрелдин 20ларынан кийин жарыялайм",- деди мамлекет башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан