Нарын. Мөмө-жемиш базарында иштегендер соода орундарын арзандатуу талабын көтөрүп чыгышты

Бүгүн, 17-декабрда Нарын мамлекеттик администрациясынын алдына 20дай соодагер аялдардын тобу чогулуп, аталган базардагы орундардын баасын арзандатуу талабын көтөрүштү. Белгилей кетсек, Нарын шаарында мындан 2 жыл мурун жер-жемиш жана эт, сүт азыктарын сатуучу базар өрттөнүп кеткен. Андан кийин “Он Арча” заманбап базары курулуп ишке берилип, каалоочуларга бош орундар сунушталган. Ал эми соодагерлердин айтымында, жеке менчик бул базардагы бир орун 8000 сомдон турат. Карапайым соодагерлердин буга чамасы жетпейт. "Эгерде бул орундарды толук 60 соодагерге арзан баада 3000 сомго чейин төмөндөтүп бербесе, басып алуу жолу менен соода иштерин жүргүзөбүз. Болбосо компенсация төлөп берсин, андан соң чыгабыз" деген талапты коюшту чогулгандар. Жолугушууга өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Муратбеков жана Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев келишти. "Жеке менчик ишкана ээлерине эл каалаган бааны айтып талап койгонго укугубуз жок, бирок сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, маселени чечүүгө жардам беребиз" деди Канат Муратбеков. Ал эми мэр: "2х3 метр өлчөмдөгү бир орун 7750 сом болот, бул бааны колдонуучу 2 жыл бою төлөп  берсе, ал орунду толук жеке менчикке чыгарып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот" деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан