Былтыр Орусиядан Кыргызстанга 357 "Жүк-200" жөнөтүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.
Азыркы тапта “Жүк-200дү” кыргыз тараптан “Кыргызстан” ЖЧК жана “Air Bishkek” ЖЧК авиакомпаниялары гана ташуу менен алектенишет. Ал эми орусиялык "Сибирь" менен "Урал авиа каттамдары" компаниялары Ошко адамдын сөөгүн 9 500 сомго жеткиришет.
Каза тапкан кишинин сөөгүн Кыргызстанга Москвадан жөнөтүү 35-40 миң рублга айланса, Орусиянын алыскы аймактарынан жөнөтүү 60-150 миң рубль талап кылат. Бул акчаны маркумдун жакындары, жердештери өзүлөрү чогултат, кээде иштеген жери бөлүп берет. Кыргыз өкмөтү чет өлкөдө каза тапкан жарандарынын сөөгүн мекенине алып келүүгө акча бөлбөйт.