Биз социалдык тармакта

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму хантавирус 7 адамдан аныкталганын билдирди

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму MV Hondius круиздик кемесиндеги жүргүнчүлөр арасында 9 адамдан хантавирус инфекциясы аныкталганын билдирди.

Уюмдун маалыматына ылайык, анын ичинен жетөө лабораториялык тастыкталган.

"Бүгүнкү күндө тогуз учур катталып, анын жетөө тастыкталды. Алардын ичинен үч адам каза болду",- деген брифингде ДСУнун өкүлү Оливье Ле Полен.

Буга чейин Нидерландга таандык MV Hondius лайнеринде хантавирус жайылганы маалым болгон. Кеме Аргентинадан Кабо-Вердеге багыт алган. 10-майда кеме Тенерифеге келип, жүргүнчүлөрдү жана экипажды эвакуациялоо башталган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан