“Кыргызстан үчүн чек ара маселесин тактоо өтө оор болушу мүмкүн. Балким Баткендеги окуялар башталышы гана”,- деди вице-премьер-министр Токон Мамытов ЖКнын Коргоо жана коопсуздук комитетинин 27-январдагы жыйынында. Айтымында, көйгөйдүн оор болушу алдын ала белгилүү. “Чек ара маселесин чечүү оңой болбойт. Мындай көйгөй Сузакта чыгышы мүмкүн, башка аймактарда да чыгышы мүмкүн. Айтор Баткендин Көк-Ташынан Ала-Буканын Көк-Ташына чейинки чек ара көйгөйлөрүн тактоо өтө оор болот”,- деди Токон Мамытов.