Чек ара кызматынын башчысы кыргыз-кытай чек арасындагы 11 кылмышкер кыргыз токойчусун "Аллоху акбар" деп өлтүрүшкөнү чын экенин айтты

“Кыргыз-кытай чек арасындагы кылмышкерлер баарына даяр болушкан, алардан мындан да коркунучтуу көп нерсени күтүүгө мүмкүн болчу”,- деп билдирди Чек ара кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Райимберди Дүйшөнбиев ЖКнын Коргоо жана коопсуздук комитетинин 27-январдагы жыйынында. Айтымында, "алар кытайлык уйгурлардан" деген версия айтылып жатат.

“Алардын жанында көп буюмдар болгон. Бир мылтык, кышкы жылуу өтүктөр, Куран китеп, теспе, жайнамаз, оор жүк ташуучу унаанын камералары, балта, бычак жана башка буюмдар болгон”,- деп билдирди Дүйшөнбиев.

Башкы чек арачы кыргыз токойчусун кылмышкерлер “Аллоху акбар” деп айтып туруп өлтүргөнү чын экенин да кошумчалады.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан