“Кыргыз-кытай чек арасындагы 11 кылмышкерди жок кылууга мен буйрук бердим”,- деп билдирди Чек ара кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Райимберди Дүйшөнбиев ЖКнын Коргоо жана коопсуздук комитетинин 27-январдагы жыйынында. Айтымында, аларды тирүү колго түшүрүү үчүн бардык чаралар көрүлүп, бирок жыйынтык чыккан жок. Дүйшөнбиев кылмышкерлер Кайчы ашуусу аркылуу өткөнүн билдирди.
Депутат Исмаил Исаков “Чек ара кызматынын ишин бир чети жакшы деп бааласак болот. Башкалар түшүнсүн, мыйзамсыз Кыргызстандын аймагына өткөндөр өлтүрүлө турганын. Экинчиден, 11 адамдын бирөөсүн да тирүү кармап кала албаганыңар болбойт. Кармап, алардын байланыштарын билиш керек болчу”,- деди.