Баткен шаарында Тажикстандан алынып келинген азык-түлүктүн баалары кымбаттады. Бул 21-январда Баткен жана Исфана шаарларынын борбордук базарларындагы бааларды текшерүүдө белгилүү болгонун Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-январда билдирди.
Маалыматта ылайык, баалардын көтөрүлүшүнө кыргыз-тажик чек арасынын жабылышы себеп болуптур. Мындан улам Баткен облусунда эттин баасы бир аз көтөрүлгөн, тагыраак айтканда, уй этинин баасы 10 сомго өстү, (1 килограммы 300 сом), кой этинин баасы 20 сомго (килограммы 350 сом) көтөрүлдү. Буга байланыштуу сатуучулардын арасында негизсиз баанын көтөрүлүшү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары Лейлек районунда ун жана суу пахта майдын баасы кымбаттады.