Украинанын президентин кызматтан кетирүү талабы менен нааразылыкка чыккандар кагылыштар аянтын улам кеңейтип жатышат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өзгөчө кырдаалдар абалын киргизүүгө чакырышууда. 22-январга чейин акциялар Киевде болгон.
23-январда массалык нааразылык билдирүүлөр аймактарда башталып, Виктор Янукович менен башка бийлик өкүлдөрүн кызматтан кетирүү талабы менен чыгышкан. Грушев көчөсүндөгү эл укук коргоо органдарын катарга кошулуусун айтышкан. Бирок милиция активисттерди кармап, кылмыш ишин ачкан. Бүгүн оппозиционерлер Юстиция министрлигине тиешелүү имараттардын бирин басып алышты. Министрликтин башчысы имаратты бошотууну талап кылган. Өткөн ишембиде Янукович Яценюкка премьер-министрдин жана Кличкого гуманитардык маселелер боюнча вице-премьер-министрликтин кызматын сунуштаган эле.
Азыркы тапта Закарпат облустук администрациясынын алдында митинг башталып, 300гө чукул адам чогулуп турат. Ал эми Киевдин прокуратурасы 2013-жылдын декабрь-январь айларындагы нааразылык акциялары боюнча 35 кылмыш ишин жапты.
Симферополь аймагында массалык акцияларга каршы митинг өтүп, эл “Крым туруктуулук үчүн”, “Мамлекеттик төңкөрүшкө жол бербейбиз”, “Экстремисттерге жол жок” деген ураан менен борбордук аянттарга чыкты.
Украина өкмөтү өлкөдөгү кырдаалды жабык режимде карап жатат. Биринчи жолу премьер-министр сыр маалыматтарга колу жетчү министрлерди жыйындан чыгарды.
Евробиримдик Украина бийлигин оппозиция менен жолугушууда берген убадаларын аткарууга чакырууда. Ошондой эле оппозиция өкүлдөрүн зордук-зомбулуктан алыс болуусун жана кагылышууларга барышпоосун айтып жатат.
Украинада өкмөткө каршы демонстрациялар былтыр ноябрда президент Януковичтин өкмөтү Евробиримдик менен тыгыз алака түзүүгө алып баруучу келишимге кол коюудан баш тарткандан кийин тутанган. Декабрда Киевдин көчөлөрүндөгү тынчтык демонстрацияларына 200 000 киши жыйналган эле. Бирок митинг-демонстрацияларды чектөө боюнча жакындагы мыйзамдар аларды кайра күчөтүп, демонстранттар менен полиция өткөн жекшембиден бери кагылышууда.
19-январда башталган кагылышта демонстранттар таш, күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышса, тартип коргоочулар көздү ачыштыра турган газ чачып, кулак тундурган граната, союл колдонушкан. Активисттер "полиция ок чыгарганынан адамдар каза болууда" дешсе, Ички иштер министрлиги полиция кадимки окту колдонбогонун айткан.