Кыргыз-тажик чек арадагы атышууда жаракат алган аскерге операция жасалды

Кыргыз-тажик чек арада болгон атышууда жаракат алган, андан соң Бишкекке алынып келинген аскерлердин бирине операция жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Бишкек шаарынын травматология жана ортопедия илимий-изилдөөчү борборунун (БТРИИБ) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн академик Сабырбек Жумабеков 33 жаштагы А.Токтоматовго операция жасады. “Анын сол ийинине ок тийген жана күң жилиги сынган. Операция ийгиликтүү өттү. Дарылануучу өзүн жакшы сезип жатат”, - деп билдиришти.

Эскерте кетсек, 11-январда Баткен облусунун Ак-Сай айыл аймагында кыргыз-тажик чек арачылары атышып кетишкен. Жаңжалдын натыйжасында кыргыз тарабынан 6 чек арачы, алардын ичинен бири оор жаракат алган. Аларга Баткен облустук оорукананын хирургия бөлүмүндө операция жасалды. Учурда 3 чек арачы Бишкекте дарыланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан