Биз социалдык тармакта

Индонезияда хантавирустун 3  учуру аныкталды

Индонезиянын борбору Жакарта шаарында хантавирусту жуктуруп алган 3 адам жана 6 адамдан вируска шектүү белгилер табылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Ани Руспитаватиге таянып билдиришти.

"Учурда Жакартада хантавирус боюнча 3 тастыкталган учур катталды. Ошондой эле шектүү деп эсептелген 6 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө", - деп билдирген ал.
Буга утурлай өлкөдө санитардык көзөмөл күчөтүлгөнү маалымдалды.

Буга чейин Нидерландга таандык MV Hondius лайнеринде хантавирус жайылганы маалым болгон. 10-майда кеме Тенерифеге келип, жүргүнчүлөрдү жана экипажды эвакуациялоо башталган.

Хантавирус жөнүндө кеңири маалымат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан