Биз социалдык тармакта

Хантавирус чыккан круиздик лайнер Тенерифеге жетти

"MV Hondius" круиздик кемеси Испаниядагы Тенерифе аралынын Гранадилья портуна токтоду. Кемеде хантавирустун жайылышы катталып, буга чейин үч адам каза болгонун чет элдик басылмалар маалымдаган.

DW жазгандай, кемедеги бардык жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүшөт. Андан кийин адамдар бештен топ болуп түшүрүлөт. Коопсуздук максатында баарына FFP2 беткаптарын тагынуу жана кол жүгүн гана алып жүрүү талабы коюлган. Калган жүктөрдүн баары дезинфекция үчүн кемеде калтырылат.

"Жүргүнчүлөр автобустар менен аэропортко жеткирилип, атайын уюштурулган каттамдар аркылуу өз өлкөлөрүнө жөнөтүлөт. Алар мекенине кайткандан кийин карантинге алынат. Адистердин айтымында, хантавирустун жашыруун мезгили бир нече жумага созулушу мүмкүн. Кемеде 23 өлкөнүн жарандары бар. Учурда калган жүргүнчүлөрдөн оорунун белгилери байкалган жок", - деп белгиленген маалыматта.

Окуядан кийин Тенерифеге Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебрейесус жана Испаниянын ички иштер министри Фернандо Гранде-Марласка келишти. Тедрос Аданом бул кырдаал COVID-19 пандемиясына окшобой турганын айтып, арал тургундарын дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан