Бүгүн, 20-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Максат Алымбеков депутат катары ант берди.
Айта кетсек, БШК аны 18-майда №20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттаган. Ал жакында мандатын тапшырган Темирлан Айтиевдин ордуна келди. Алымбеков буга чейин парламент төрагасынын кеңешчиси болчу.