Борбордук шайлоо комиссиясы Максат Алымбековду №20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады.
БШКнын тиешелүү токтому кечээ, 18-майдагы жыйында кабыл алынды. Алымбековго белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилди.
Белгилей кетсек, Алымбеков мандатын тапшырган Темирлан Айтиевдин ордуна депутат болду.