Кант шаарындагы жол кырсыгына шектелип 29 жаштагы айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Буга чейин ал Кант шаардык мэриясынын кызматкери экени тастыкталган.
Айта кетсек, кечээ, 21-май күнү Кантта болгон жол кырсыгынан 28 жаштагы кыз каза тапты. Айдоочу жана 2 жүргүнчү ар кандай жаракат алышкан. Кырсыкка кабылган учурда айдоочу мас абалда болгон.