Биз социалдык тармакта

Кантта адам өмүрү кыйылган кырсык болду

Кант шаарында адам өмүрү кыйылган кырсык катталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, каргаша кечээ, 21-май күнү түндө болгон. 29 жаштагы айдоочу Mercedes-Benz S-Class үлгүсүндөгү унаасы менен түндүктөн түштүктү көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай Ленин көчөсүндө жайгашкан тиш дарылоо жайын сүзгөн.
Жол кырсыгынын кесепетинен айдоочу жана 28, 22 жаштагы жүргүнчүлөр жаракат алышса, дагы бир 28 жаштагы жаран каза болгон. Жаракат алгандар Кант шаардык аймактык ооруканасына жеткирилген. Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан