Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссия "Ата Журт" фракциясынын депутаты Садыр Жапаровдун кол тийбестигин алуу тууралуу Баш прокуратуранын сунушун колдогон жок. Комиссия жабык эшик артында жыйын өткөрүп, Садыр Жапаровдун кол тийбестигин алууга макулдугун бербөө чечимине келишти. Эми комиссиянын жыйынтыгы 20-декабрь күнү Жогорку Кеңештин пленардык жыйынынын күн тартибине киргизилет. Эске салсак, Башкы прокуратура Жогорку Кеңешке депутат Садыр Жапаровдун кол тийбестигин алуу тууралуу өтүнүч жиберген. Ал Бакиевдердин үй-бүлөсүнө тиешелүү болгон имаратты сатууда махинациялык жолдор болгондугу үчүн айыпталып жатат.