АКШнын президенти Дональд Трампка чач жасалгасы окшош болгон буйвол Бангладештин улуттук зоопаркына жеткирилгенин чет элдик басылмалар жазышты. Ал америка лидеринин атын алып жүрөт.
Буга чейин аны Курман айт майрамында курмандык чалуу пландалганы айтылган. Деген менен бийлик аны көрүүгө келгендердин саны өскөндүктөн зоопаркка жеткирүүнү көздөгөн. Ага чейин буйвол фермада багылчу.