Төбө чачы АКШ президенти Дональд Трамптын чач жасалгасына окшош болгондуктан анын атын алып жүргөн буйвол курмандыкка чалынбай калган.
Чет элдик басылмалардын маалыматтары боюнча, Бангладештин бийлиги буйволду көрүү үчүн келгендердин саны өскөндүктөн аны зоопаркка жөнөткөн.
Эскерте кетсек, башында буйволду мусулмандардын Курман айт майрамынын урматына союу пландалып жаткан болчу.