ЖКда инфляцияны эске алуу менен калк кирешелерин индексациялоо демилгеси көтөрүлдү

Бүгүн, 17-декабрда ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги жыйынында депутат Максат Сабиров тарабынан демилгеленген "Инфляцияны эске алуу менен калктын кирешелерин индексациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун ЖКнын кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды. Максат Сабировдун айтымында, ушул тапта азык-түлүк наркы жана башка тейлөө кызматтарынын кескин кымбаттап жаткандыгына карабай, калк кирешелерин ошого жараша индексациялоо чаралары көрүлбөй жатат. Аталган мыйзам аркылуу 2014-жылдын 1-январынан тарта кирешелерди ар жылы инфляция деӊгээлине жараша индексациялап туруу талабы сунушталууда. Мыйзам долбоору комитеттин басымдуу бөлүгүнүн добушу менен жактырылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан