Биз социалдык тармакта

Камчыбек Ташиев Сокулукта кичи футбол аянтчасынын ачылышына катышты (видео)

УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев Сокулук районунун Кызыл-Туу айылына барып, кичи футбол аянтчасынын ачылышына катышты.

Интернет желесине тараган видеодон Ташиев кичинекей футболчуларга дем-күч берген сөздөрүн айтып, чогуу футбол ойногонун көрүүгө болот. Мындан тышкары, белектерин тапшырды.

Жергиликтүү тургундар ыраазычылыгын билдирип узатышты.

Эскерте кетсек, февралда кызматынан кеткен Камчыбек Ташиевге жана бир катар саятчыларга учурда кылмыш иши козголуп, соттук иштер жүрүүдө. Анын себеби "75 адамдын каты". Бул иш боюнча соттук отурумдар жабык болууда. Анткени ИИМ аталган ишке "жашыруун" деген гриф койгон.

Камчыбек Ташиев Сокулукта кичи футбол аянтчасынын ачылышына катышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан