Биз социалдык тармакта

Камчыбек Ташиевге карата кылмыш иши сотко өттү

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге карата кылмыш иши боюнча айыптоо актысы бекитилди. Бул тууралуу жактоочу Икрамидин Айткулов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Адвокат Икрамидин Айткуловдун айтымында, Ташиевге "Бийликти күч менен басып алууга даярдануу" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган. Аны менен бирге дагы жети адам айыпталуучу катары өтүп жатат.

Иш маңызы боюнча кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлдү. Кылмыш иши жашыруун деп табылгандыктан, соттук отурумдар жабык өтөт жана тергөө менен соттун маалыматтарын ачыкка чыгарууга тыюу салынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан