Кыргызстанда 2012-жылдын башынан бери, башкача айтканда, акыркы 11 айда СПИДден 119 адам каза болду. Алардын ичинен 5өө кичинекей балдар. Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы оору жана экспертизалык профилактика департаментинин маалыматына ылайык, бул жылы СПИД менен ооругандардын саны 27%га өскөн. Былтыр бир жылдын ичинде СПИД менен ооругандардын саны 530ду түзсө, быйыл 11 айдын ичинде алардын саны 672ге жетти.