Бүгүн, 15-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "75чилердин катына" байланыштуу соттук отурум уланууда.
Соттук отурумга УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев келди. Ал журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты.
Белгилей өтсөк, 11-июнда отурумду ачык өткөрүү чечими кабыл алынган.
Эске салсак, 18-майда Камчыбек Ташиев жана анын тарапташтарынын иши боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда соттук угуу болгон. Ага УКМКнын мурдагы төрагасы келген эмес.
ИИМ аталган ишке "жашыруун" деген гриф койгон.
Ташиев Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталууда. Мындай беренелер менен Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен экс-депутат Курманкул Зулушевге да айып тагылган.
Видео: Спутник