Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, энергетика министри болуп Алтынбек Рысбеков дайындалды.
Буга чейин анын талапкерлиги Жогорку Кеңеште каралып, жактырылган.
Айта кетсек, 10-июнда Таалайбек Ибраев энергетика министри кызматынан бошотулган. Анын ордуна убактылуу милдетин аткаруучу болуп Рысбеков дайындалган.