
Дүйнөлүк никотин продуктуларынын рыногу тездик менен өзгөрүп жатат: салттуу тамеки чегүүнүн орду азыр түтүнсүз альтернативалар менен алмаштырылууда, анын ичинде тамекисиз, алдын ала порцияланган баштыкчалардагы - никотиндүү паучтар бар. Айрымдар үчүн бул тамекиден толугу менен баш тартуу мүмкүнчүлүгү болсо, башкалары үчүн бул коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы активдүү талкуунун темасы. Бул продукттун негизги мүнөздөмөлөрү кандай жана коом үчүн тобокелдиктерди азайтуу үчүн аны кантип жөнгө салуу керек?
Пауч деген эмне?
Никотин паучу же никпэк - бул фармацевтикалык деңгээлдеги тазаланган никотини бар, өсүмдүк буласы, суу жана жыт берүүчүнү камтыган компакттуу, порцияланган баштыкчалар. Алар классикалык швед снюсунан (майдаланган, нымдалган тамеки), булардын айырмасы - курамында тамеки жалбырагынын таптакыр жоктугунда.
Никпэк оозго салуу менен колдонулат: алар эриндин астына коюлат да, никотин шилекей аркылуу сиңирилет. Бул процессте күйүү толугу менен жок, ошондуктан түтүн же күл болбойт. Бул продукт башкаларга жолтоо болуп, пассивдүү тамеки тартууга түрткү бербей, каалаган жерден колдонууга шарт түзөт.
Паучтун негизги артыкчылыгы ушул болуп саналат. Адамдар никотин үчүн тамеки чегерин, чайырдын жана башка күйүүчү продуктулардын зыяндуу таасиринен улам ооруп, каза болорун окумуштуулар эчак далилдешкен. Кадимки тамеки түтөгөндө, анын ичиндеги температура 900°Cга жетет. Бул учурда 7000ден ашык химиялык зат бөлүнүп чыкса, алардын 70ке жакыны - таза уу болот.
Ал эми паучтарда бул химиялык заттар жок, демек, анын уулоо таасири аз. Бирок анын курамындагы никотин зыяндуу бойдон калат. Бул зат көз карандылыкты жаратат, борбордук нерв системасына стимулдаштыруучу таасир берет, жүрөктүн кагышын жана кан басымын жогорулатып, жүрөк-кан тамыр оорулары бар адамдар үчүн тобокелдик жаратат. Мындан тышкары бул продукт кош бойлуу аялдар, бала эмизген энелер жана жашы жете элек өспүрүмдөр үчүн тыюу салынат.
Дал ушул үчүн паучтарды кадимки тамекилердин ордун алмаштыруучу катары гана кароо керек — бул тамекини толугу менен таштай албаган көп тамеки чеккендер үчүн зыянды азайтуунун бир жолу.
Башка өлкөлөрдө абал кандай?
Ар кайсы өлкөлөр никотин паучтарын ар кандай жөнгө салат. Уникалдуу мисал - Швеция: тамекиден снюс жана паучтарга массалык түрдө өтүүнүн аркасында өлкөдө тамеки чегүү көрсөткүчү Европадагы эң төмөнкү деңгээлге - 4% түштү. Натыйжада, Швецияда тамекиге байланыштуу өлүмдөр Европа Биримдигинин орточо көрсөткүчүнө караганда 44%га жана өпкө рагынын учурлары 41%га аз катталууда.
Жаңы Зеландия дагы тамеки чегүүнү минималдуу деңгээлге чейин азайтуу максатын койду. Жергиликтүү Саламаттыкты сактоо министрлиги паучтарда кадимки тамекилерге караганда бир топ аз токсин болорун моюнга алды. Азыр өкмөт сатуу эрежелерин жеңилдетүүнү активдүү карап жатат.
АКШнын тажрыйбасы өзгөчө кызыгууну жаратып, дүйнөдөгү эң катуу жөнгө салуучу органдардын бири саналган FDA көп жылдык илимий сыноодон кийин айрым бренддердин паучтарын сатууга расмий уруксат берген. Мекеменин эксперттери алардын курамында ракты пайда кылуучу негизги канцерогендердин дээрлик жок экенин жана аларга толук өтүү коомдук саламаттыкка келтирилген зыяндан бир топ арылтаарын тастыктады.
ДССУ бул тууралуу эмне дейт?
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) дагы альтернативдүү никотин камтыган продуктуларын изилдеп жатат жана жакында эле никотин паучтары боюнча атайын отчетун жарыялады. Документте өтө маанилүү тыянактар камтылган: ДССУ сертификатталган никотин паучтарындагы зыяндуу жана потенциалдуу зыяндуу химиялык заттардын деңгээли салттуу тамекилерге караганда бир топ төмөн экенин расмий түрдө мойнуна алган.
Бирок көптөгөн тармактык эксперттер жана рыноктын аналитиктери документте методологиялык тең салмактуулук жетишпейт деп эсептешет. ДССУ паучтарды дүйнө жүзү боюнча тамеки чегүүнү азайтуунун натыйжалуу куралы катары кароонун ордуна, бардык альтернативдүү никотин продуктуларын катуу чектөөлөр призмасы аркылуу баалап, аларды жөнгө салуучу көз караштан алганда тамекиге теңеп койду. Уюмдун мындай позициясы тамеки чеккендердин анча зыяндуу эмес альтернативалар жөнүндө сапаттуу маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн чектеп жаткандыктан, бул ыкма натыйжасын бербей жатат.
ДСУнун консервативдүү маанайы жалпы дүйнөлүк рынокту, анын ичинде стандарттар жок болгондуктан кооптуу контрафакттык продукциялар гүлдөп өсүп жаткан көмүскө секторду кошо баалоо менен түшүндүрүлөт. Мыйзамсыз сатылган паучтарда никотиндин так дозасы, чийки заттын туура тазаланышы жана лабораториялык сертификация жок болот. Дал ушул боз рынок чыныгы коркунуч жаратат. Анын үстүнө, рынокту көзөмөлдөөнүн жоктугунан жана жоопкерчиликсиз, жаркыраган маркетингден улам, мыйзамсыз продукциялар интернет же жөнгө салынбаган чекене соода түйүндөрү аркылуу, эч ким документтерди текшербегендиктен, өспүрүмдөрдүн колуна оңой эле түшүп жатат.
Чечим кандай?
Ушундан улам: толук тыюу салуулар көйгөйдү чечпейт. Бүгүнкү күндө өкмөт, саламаттыкты сактоо жана өндүрүүчүлөрдүн ортосунда конструктивдүү диалог болушу керек.
Никотин паучтарын жөнгө салуу, башка альтернативдүү түтүнсүз продукциялар сыяктуу эле, илимий далилдерге негизделиши керек: тамеки чекпегендерди жана өспүрүмдөрдү коргоо, ошол эле учурда тамеки чеккен чоңдор үчүн анча кооптуу эмес альтернативаны тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү зарыл. Ошол эле учурда, бул жаштарга багытталган ар кандай маркетинг ыкмаларына катуу тыюу салууну, ошондой эле өспүрүмдөрдүн паучтарга жетүүсүнө катуу көзөмөлдү сактоону билдирет. Бир чети, мыйзамдуу никотин паучтары катаал стандарттарга ылайык өндүрүлүп, жаш курагы текшерилип сатыла турган системаны түзүш керек. Ушундай жол менен гана комплекстүү мамилеге жетишүүгө: тамеки колдонууну азайтууга (албетте, бул миллиондогон адамдардын өмүрүнө пайдалуу) жана жаштар арасында жаңы көз карандылыктын коркунучун минималдаштырууга болот.
Акыр-аягы, максат жөнөкөй: коомдук саламаттыкты сактоо менен тамеки чеккендердин реалдуу муктаждыктарынын тең салмактуулугун табуу. Ал эми маалыматтарга негизделген прагматикалык стратегияга өтүү - бул жалгыз натыйжалуу жол. Кантсе да, миллиондогон чоңдор тамеки чеккен учурда, тамеки чекпегендер такыр баштабай койгону жакшы экенин, ал эми таштай албагандар зыяны азыраак альтернативага өтсө, пайда көрөрүн моюнга алуу керек.