Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-ноябрда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарынын, Түп жана Ак-Суу райондорунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууда жергиликтүү тургундар турак жайды менчиктештирүү, ипотекалык үйлөрдү берүү, материалдык жардам көрсөтүү, жолдорго жер алдындагы өтмөктөрдү куруу, туризмди өнүктүрүү жана мүлк талаштарын чечүү маселелерин көтөрүштү.
Ошондой эле алимент төлөө, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жана балчыларды колдоо, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү жана документтерди тариздөө боюнча кайрылуулар айтылды.
Мындан тышкары, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан кылмыштар үчүн соттолгондорго мунапыс берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маселе көтөрүлдү.
Буга байланыштуу мамлекет башчысы ата-энелерди балдардын тарбиясына көңүл бурууга жана алардын баңгизат бизнесине аралашуусуна жол бербөөгө чакырды. Ал студенттер жана жашы жете электер оңой акча табуу максатында баңгизаттарды жашыруун жайларга катып, таратууга тартылып жатканын белгиледи.
Жолугушуунун соңунда президент тиешелүү мамлекеттик органдарга жарандардын кайрылууларын карап чыгып, мыйзам чегинде адилеттүү чечүүгө көмөк көрсөтүүнү тапшырды.