Биз социалдык тармакта

"75чилердин каты". Депутат Сурабалдиевага мамлекеттик күзөт бөлүү сунушу айтылды (видео)

Бүгүн, 18-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Жумабеков кесиптеши Элвира Сурабалдиева "75чилердин каты" боюнча сотто кысымга алынганын билдирип, депутат айымга карата Мамлекеттик күзөт кызматынан жан сакчы бөлүп берүүнү сунуштады.

"Байкашымча, кесиптешибиз Элвира Сурабалдиева кечээ өткөн сотто кысымга алынды. Сот процессиндеги ага карата жасалган кысымды туура эмес деп эсептейм. Эгерде кесиптешибиз каршы болбосо, мыйзамдарга таянып Мамлекеттик күзөт кызматынан адам берсек",- деп сунуштады депутат.

Айта кетсек, буга чейин спикер Марлен Маматалиев "75чилердин каты" боюнча билдирүү жасап, каттын артында саясий кызыкчылыктар турганын билдирген. Ошондой эле бүгүн Биринчи Май райондук сотунда "75чилердин катына" байланыштуу соттук ачык отурум баштала элек жатып 22-июнга жылдырылган.

"75чилердин каты". Депутат Сурабалдиевага Күзөт кызматынан адам берүүнү сунуштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан