Биз социалдык тармакта

"75чилердин каты" боюнча айыпталып жаткандарын сот отуруму кийинкиге жылдырылды

Бүгүн, 18-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "75чилердин катына" байланыштуу соттук ачык отурум баштала элек жатып кийинкиге жылдырылды. Анткени буга айыпталуучулардын бири Эмилбек Узакбаевдын ооруп, сот отурумуна келбей калганы себеп болду.

Сотко айыпталуучулар - УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, экс-төрага Нурланбек Тургунбек уулу келди.

Андан сырткары, камактагы айыпталуучулар сот отурумуна алынып келди.

Кийинки отурум 22-июнда өтөт.

Эскерте кетсек, “75чилердин каты” боюнча айыпталып жаткандардын соту 11-июндан баштап ачык өтө баштады. Ташиев, Зулушев, Тургунбек уулуна Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылууда. Үчөө тең эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте.

Ал эми Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен тергөө абагында кармалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан