Данияр Шейшеканов Ош облусунун Ноокат районунун акими кызматынан бошотулду. Анын ордуна Нурлан Керимкулов дайындалды. Бул тууралуу 18-июнда президенттин басма сөз кызматы билдирди.Маалымдалгандай, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.
Эскерте кетсек, Шейшеканов бул кызматка 2025-жылдын ноябрь айында дайындалган болчу.