Данияр Шейшеканов Ноокат районунун акими болуп дайындалды

Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп Данияр Шейшеканов дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду. Жаңы акимди бүгүн, 21-ноябрь күнү Ноокат районунун активине Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев тааныштырып, жооптуу ишинде ийгилик каалады жана бир катар тапшырмаларды берди.
Эскерте кетсек, Шейшеканов коррупциялык иштер менен кармалган мурунку аким Эмил Чакибаевдин ордуна барды. Ал Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин күйөө баласы экендиги ачык булактарда жазылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан