Бишкекте маршруткада кыздын буттарын көйнөгүнүн алдынан жашыруун видеого тарткан жаран аныкталды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Белгилей кетсек, аталган видео интернет желесине тарап, коомчулукта нааразычылык жаратты.
Милициянын ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында 1993-жылы туулган Э.П. аттуу жаран кармалып, райондук башкармалыкка жеткирилди. Ага карата карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлүп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.