Социалдык тармактарда кыздын көйнөгүнүн алдынан жашыруун түрдө видеого тарткан жаткан жигиттин видеосу тарап, коомчулуктун кескин сынына кабылды.
Маалыматка караганда, окуя Бишкектеги №161 кичи автобусунда болгон. Жүргүнчүлөрдүн айрымдары жигиттин шектүү аракетин байкап калып, андан телефонундагы видеолорду көрсөтүүнү талап кылышкан. Жигит видеолорун көрсөтүүдөн баш тартып, маршрутка токтогондо шашылыш түрдө түшүп кеткен.
Бул окуя интернет желесинде кызуу талкууга алынууда.