Чүй облусунун Чоң-Кемин районунда уюштурулган балдар лагери боюнча милиция текшерүүсүн баштады.
Облустук милиция ишти жетекчилик жеке көзөмөлүнө алганын билдирди. Кемин райондук милициясы бул боюнча иш алып барып, кошумча маалымат берилери айтылды.
Эскерте кетсек, балдар лагери боюнча окуя интернет желесине тарап, коомчулукта сындар айтылууда.