Чүй облусунун Чоң-Кемин районунда жайгашкан балдардын жайкы лагерине байланыштуу ата-энелердин нааразылык билдирген видеосу социалдык тармактарга тарап жатат. Видеодо балдар тар жана жеңил курулушта жашап жатканы көрүнөт.
Күбөлөр лагерде антисанитардык абалда экенин белгилеп, балдар үчүн тиешелүү шарттар түзүлбөгөнүн айтышууда. Ошондой эле дары-дармектер да жетишсиз.
Видеодо балдардын нан талашып жеп жаткан учурлары да көрүнөт. Мындан тышкары айрым балдардын дене табы көтөрүлүп, ооруп жатканы боюнча да маалыматтар айтылууда.
Нааразы болгон ата-энелер бул лагерди жарнамалаган блогерлердин да жоопкерчилиги каралышы керектигин белгилеп, тиешелүү органдардан текшерүү жүргүзүүнү талап кылышууда.